Ош шаарында мындан ары кой эти 300, уй эти 290 сомдон ашпайт

Бүгүн, 11-сентябрда Ош шаарынын мэриясында кой жана уй эттеринин баасы мындан ары дагы кымбаттап кетпеси үчүн талкуу жүрдү. Ага борбордук базарда эт саткан ишкерлер жана шаардын Монополияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн өкүлдөрү чакырылды. Мэриянын экономика, каржы жана ишкердикти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Чыныбек Тойчиевдин айтымында, эттин баасы акыркы 2 айдын ичинде 20 сомго көтөрүлүп кеткен. Ал эми башка аймактарда 5 сомго жогорулаган. Буга чейин мэриянын атайын комиссиясы рейд өткөрүп, эттин баасы менен сатуучулардын чыгаша-кирешесин аныктаган. Жыйынтыгында кой эти 300, уй эти 290 сомдон сатылышы керектиги тууралуу чечим кабыл алынып, сатуучулар эттин баасын бул баадан ашырбоого убада кылышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан