Ош шаарында Мамлекеттик тил күнүн белгилөөгө 180 миң сом бөлүндү

Бүгүн, 11-сентябрда Ош шаардык мэриясынын токтомуна ылайык, «Кел, кыргызча сүйлөшөлү» аттуу бир айлык башталды. Иш-чара 23-Сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулуп, анда студенттер, мэриянын кызматкерлери, окуучулар шаардын борбордук көчөлөрүндө «Кел, кыргызча сүйлөшөлү» деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп, жөө жүрүшкө чыгышты. Ошондой эле ар кайсы ишканаларга телефон чалуулар болуп, акциянын катышуучулары мамлекеттик тилде жооп алууга аракет кылышты. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, 11-сентябрдан 11-октябрга чейин ар кандай сынактар, акциялар уюштурулмакчы. Ошондой эле Мамлекеттик тил күнүн белгилөөгө 180 миң сом бөлүнгөнү белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан