ӨКМ Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүлөрүн эскертет
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 13-16-сентябрда аба ырайынын
кескин өзгөрүлүшү күтүлүп жатканын кабарлады. Маалыматка ылайык, 13-15-сентябрь күндөрү
жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаандын катуу жаашы
күтүлүүдө. 14-16 сентябрда өрөөндөрдө абанын күндүзгү температурасы 17…22
градуска чейин, тоо этектеринде 10…15 градуска чейин төмөндөйт. 15-17-сентябрь
күндөрү Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл облусунун
чыгышындагы айрым жерлерде үшүк жүрүшү күтүлөт. Үшүктүн жүрүшү жыйналбаган
жашылча жана мөмөлүү бактарга коркунучтуу. Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин
үзгүлтүккө учуратат, жайыттарда малды кармоону, ошондой эле унаалардын,
энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.