Нью-Йоркто коронавирус пандемиясы башталгандан бери биринчи жолу сутка ичинде өлүм катталган жок. Бул тууралуу дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Ага ылайык, АКШда пандемия башталгандан тарта эпидемиялык борбор болгон Нью-Йоркто сутка ичинде коронавирустан өлүм катталган эмес. Буга чейин аталган шаарда бир суткада 600 адам каза болгондугу эң жогорку көрсөткүч болуп катталган.
Нью-Йоркто коронавирустан алгачкы өлүм 11-мартта катталган.
АКШда жалпы 3 миллион 304 миң 878 адам COVID-19 илдетине чалдыккан. 1 миллион 6 миң 326 адам оорудан сакайса, 135 миң 205 бейтап, тилекке каршы, каза болгон. Мындай көрсөткүч менен АКШ коронавирус боюнча дүйнөлүк статистикада биринчи орунда турат.