Коңшу Казакстанда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Буга байланыштуу аталган өлкөдө күчөтүлгөн карантин эки аптага узартылат. Мындай чечимди мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев кабыл алганын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
"Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу карантиндин мөөнөтү июль айынын соңуна чейин узартылат. Өкмөттүк комиссия тиешелүү чечимди эртең кабыл алат. Карантин жарандарыбыздын саламаттыгын сактоо үчүн керек", - деген президент.
Касым-Жомарт Токаев социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жардамга муктаж жарандарга июль айында акчалай жардам (42 миң 500 тенге) көрсөтүлө турганын кошумчалаган деп айтылат маалыматта.