Алмазбек Атамбаев ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды
11-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды. ЖККУнун башкы катчысы мамлекет башчыга Орусиянын Сочи шаарында 23-сентябрында боло турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин саммитине даярдыгы жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле ЖККУда Кыргызстандын төрагалыгы алкагында өтүп жаткан иш-чаралар талкууланды. 13-сентябрында Николай Бордюжа Бишкекте өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйынына катышат.