Депутат Бакыт Төрөбаев ЖКнын бүгүнкү, 12-сентябрдагы жыйынында Ысык-Көл облусундагы Бостери айылында жергиликтүү тургундар менен “Жетиген” пансионаты соттошуп жаткандыгын билдирди. Айтымында, аталган пансионаттын жалпы аянты 7 гектар. “Бул жердин 4,5 гектары элге тиешелүү экен. 2008-жылы Жогорку Сот 195 адамга (64 үй-бүлөгө) үй куруп, өзүнүн чакан ишмердүүлүгүн жүргүзүү тууралуу чечим чыгарат. Бирок кайрадан 2010-жылдан кийин “Жетиген” пансионатынын ээси Адиль Тойгонбаев ал жерди кайтарып алуу үчүн сотко кайрылып жатыптыр. УКМКга, прокуратурага, мүлк фондуна кайрылып ушул маселени тактоо керек. Эптеп жан багып жаткан элден бул жерди кайра кайтарып алууга болбойт. Мага жергиликтүү тургундар арыз менен кайрылып жатышат”,- деди депутат.