“Акыркы 1-1,5 жылда биздин коомду балээ баскандай болуп жатат. Зордуктоо тууралуу маалыматтар көп чыгууда”, -деди депутат Исхак Пирматов бүгүн, 12-сентябрда ЖКнын жыйынында. Айтымында, ИИМ зордуктоо тууралуу маалыматты тергөө бүтүп, сот кылмышкердин күнөөлүүлүгүн далилдегенде гана ММКларга бериши керек. “Бардык арыз жазгандар чындык эмес да. Ушул маалыматтар менен Кыргызстандын имиджи көрүнүп жатпайбы. Кыргызстан деген сөздү тергенде Кыргызстанда болуп жаткан жаңылыктар чыгат да. ИИМ бир аял зордуктоо арызы менен 8 жолу укук коргоо органдарына кайрылгандыгын айтып жатат. Ушундай терс маалыматтарды окуган башка өлкөдөгүлөр Кыргызстан тууралуу кандай ойдо калып жатат?”- деди эл өкүлү.