Абдыжапар Бекматов: "Бишкек шаары чоң айылга айланып калды"

Бишкек шаарын чоң айылга айланып калганын бүгүн, 12-сентябрда ЖКнын жыйынында депутат Абдыжапар Бекматов билдирди. “Жаңы конуштарды 1 кичи район кылып, шаарга кошуп койсок болмок. Аэропортко кетип жаткан жерде жер тилкелери берилип, Бишкек андан да чоң айылга айланып жатат. Бул боюнча өкмөттүк саат өткөрүп, элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүбүз керек. Башка жакта үйлөрдү түрттүрүп, чоң үйлөрдү куруп жатышат. Бул боюнча кете берсек кийинки муунга эмнени өткөрүп беребиз? Бул маселени карап чыгуу керек”,- деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан