Депутат Ирина Карамушкина теле аркылуу көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салуу сунушун айтты

Депутат Ирина Карамушкина бүгүн, 12-сентябрда ЖКнын жыйынында теле аркылуу көзү ачыктар тууралуу жарнамаларды берүүгө тыюу салуу керектигин билдирди. Айтымында, онкологиялык оорулар Кыргызстанда өсүп, 2-орунга чыкты. “Бир айым көзү ачыкка ишенип, операция кылуудан баш тартыптыр. Онкологиялык ооруларды алдын алуу үчүн айрым аймактардагы сууну жана топуракты изилдөө керек”,- деди эл өкүлү. Ошондой эле Карамушкина Медициналык Академияны аяктаган студенттерди аймактарга жиберүү керектигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан