Талас облусундагы Бака-Ата районунун Кызыл-Сай айылындагы мектеп 2012-жылдын бюджетине кирип, бирок акча бөлүнбөй калгандыгын депутат Дастан Жумабеков бүгүн, 12-сентябрда ЖКнын жыйынында билдирди. “Эч кандай куруу иштери башталган жок. Эмне себептен ушундай болгонун тактоо керек”,- деди эл өкүлү. Өз кезегинде төрага Асылбек Жээнбеков өкмөт туура эмес эсеп жүргүзүп алып, каражат бөлүнбөй калгандыгын айтты. “Бул маселени карап чыгуу керек. Эмне себептен элге убада берилип, бирок каражат бөлүнбөй калган? Туура эмес эсепти ким жүргүзгөнүн иликтеп, тиешелүү чараларды көрүү зарыл”,- деди төрага өкмөттүн өкүлүнө кайрылып.