Орусиядагы мекендештер Баткен облусуна жардам жөнөтүштү

Орусияда эмгектенип жүргөн баткендик жаштар облуска жардам жөнөтүштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Москва шаарында эмгектенип жүргөн Баткен районунун жана Баткен шаарынын жаштарынан түзүлгөн “Өрүк зар” коомунун атынан Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 4 кычкылтек концентратору жана 30 пульсоксиметр тапшырылды. Бул жабдуулар муктаждыкка жараша, аймактагы күндүзгү стационарларга бөлүнөт", - деп жазылган билдирүүдө.

Бүгүнкү күндө облус боюнча жалпы 460 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aida007
2020-07-18 02:36:44
Аллахым ыраазы болсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан