Депутаттар "эгер ЖКга мыйзам долбоорлору туура эмес котормолор аркылуу келсе, карабай артка кайтарышыбыз керек" дешүүдө

Депутаттар "эгер парламентке алынып келинген мыйзам долбоорлорунда туура эмес которулган сүйлөмдөр болсо, ал мыйзам долбоорду карабай артка кайтаруу керек деген чечим кабыл алышыбыз зарыл" деген сунуш айтылды. Муну депутат Бөдөш Мамырова көтөрүп чыгып, каралып жаткан мыйзамдагы "айыпталган жарандарды айдап узатуу" деген сөздү сынга алды. "Эмне аны айдап узаткыдай ал мал беле? Кылмыш кылса деле адам баласы да. Кыргыз тилин мазактагандай болгон туура эмес котормолорго чек коюшубуз керек",- деди Мамырова. Буга ЖАМКнын башчысы "конвоирлөө деген сөз ошентип которулат экен",- деп жооп узатымыш болду. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан