
Пневмонияга чалдыгып калганын бейтаптар эмне үчүн өтө кеч билип жатышат? АКШнын "Тез жардам" кызматында 30 жылдан ашуун иштеген дарыгер
Ричард Левитан өз тажрыйбасын
"New York Times" гезитине айтып берген. Бул суроонун жообу учурда Кыргыз өлкөсүндө да актуалдуу болуп жатканы үчүн аталган макаланы Медициналык туризм боюнча компаниянын жетекчиси
Лира Жолчиева которуп, өз баракчасына жарыялады.
"30 жылдан бери "Тез жардам" кызматында дарыгер болуп эмгектенем. 1994-жылы бейтаптарга дем алдыруучу аппарат орноштуруу учурунда жардам берүүчү көрсөткүч системин ойлоп таптым. Бул боюнча бир нече изилдөөлөрдү жүргүзүп, акыркы 20 жылдан бери дүйнөнүн төрт тарабындагы дарыгерлерге бул боюнча курстарды берип келем.
Март айынын соңунда Нью-Йорктун ооруканалары коронавируска чалдыккан адамдарга толуп, медиктердин шаштысы кеткен учурда ыктыярчы дарыгер катары Bellevue ооруканасында 10 күн кызматта болдум. Бул учурда мен ушул нерсени байкадым: коронавирус жуктуруп алган бейтаптарда пневмонияны эрте байкай албай жаттык. Ошондуктан көптөгөн бейтаптарды куткара албай калдык. Негизинен ооруканалардын "Тез жардам" бөлүмүндө ар түрдүү бейтаптарды бир учурда көрүү кадыресе көрүнүш. Инсульт, инфаркт, ар кандай жаракат алгандар, бир жери сынгандар, уулангандар, башы ооругандар... Бирок бизге жалаң гана коронавирус пневмониясына чалдыккандар келип, "Тез жардам" бөлүмү бул бейтаптарга жык толду.
Ишти баштаарым менен 2 бейтапка дем алдыруучу аппарат орноштурдум. Кызыгы, дем алуусу кадимкидей болгон кишилердин да коронавирус пневмониясына чалдыкканын байкап жаттык. Далысынан бычакталып келген бейтапты рентгенге тартканда, анын да коронавирус пневмониясына чалдыкканын байкадык. Жыгылып, жараат алган бейтаптардын томографиясынан да коронавирус пневмониясы чыгып жатты. Башка себептер менен көз жумган карыларда, кант диабети оорусу барларда, баарынан эле катары менен коронавирус пневмониясы чыгып жатты. Рентген, томография жыйынтыктары коронавирус пневмониясы деп чыгарып, кандагы кычкылтек деңгээли төмөн көрсөтүп турса да, бейтаптардын дем алуусунда эч кандай көйгөйдүн жоктугуна таң калып жаттык! Бул кантип болсун?
Анан биз өпкөдө коронавирус пневмониясы өрчүп баштаган учурду "тымызын гипоксия" деп атап, кандагы кандайдыр бир кычкылтек жетишпестигине алып келгенин түшүнө баштадык. Биз аны "тымызын гипоксия" деп атаганыбыздын себеби, аны байкоо кыйын, ал тымызын өрчүйт", - деп айтып берген дарыгер.

Ричард Левитандын билдиришинче, коронавирус пневмониясын кадимки пневмониядан айырмасы чоң экенин айтты.
"Пневмония - өпкөнүн сезгенүүсүнүн натыйжасында өпкөнүн аба везикулаларын суюктукка толтурган инфекция. Адатта мындай ооруга чалдыккан адам көкүрөгүндө ыңгайсыздык, оору жана дем алуу кыйынчылыктарын сезет. Бирок коронавирустагы пневмония башталганда кычкылтектин деңгээли төмөндөгөнүнө карабастан, бейтаптар дем алып жүрө беришет. Качан гана дем алуусу кыйындап баштаганда байкашат, ал эми кычкылтек деңгээли өтө төмөн түшүп кеткен болот жана рентгендери пневмониянын өтүшүп кеткен түрү деп көрсөтөт. Деңиз деңгээлиндеги кадимки адамдын кычкылтек деңгээли, адатта, 94 пайыздан 100 пайызга чейин. Ал эми коронавирус пневмониясы менен ооругандарда бул 50 пайызга чейин түшүп кеткенин көрдүм. Көпчүлүк бейтаптар бир аптадан бери ысытма, жөтөл, жүрөк айлануу жана чарчоо менен даттанып келишет, бирок дем алуусу ооруканага келген күнү начарлап баштаганын айтышат. Алар пневмония бир канча күн мурун башталганын сезбей калышат. Натыйжада ооруканага келген күнү кеч болуп, оор абалга туш болуп калышат.
Адатта дем алуусу начарлап, "Тез жардам" бөлүмүнө түшкөн бейтаптар аппаратка уланганга чейин нес абалда болуп, улам эс-учун жоготуп, бат-баттан дем алып, кыйналышат. Ал эми коронавирус пневмониясына чалдыккандарда кычкылтек деңгээли өтө төмөн пайызды көрсөтүп турса да, мындай учурда адам жашабаш керек дегенибиз менен алар кадимкидей эч кандай кыйынчылыксыз телефондо сүйлөшүп жатышканын көрөсүң. Дем алуусу начарлап, кыйналып баштаганда, тилекке каршы, куткаруу мүмкүнчүлүгүбүз азайып калган болот. Аны тезинен аппаратка туташтыруу керектелет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин системин кыйнап аткан себептердин бири - бул адамдар коронавирус пневмониясына чалдыкканын билбей, качан гана өтүшүп кеткенде кайрылуулары. Натыйжада жандандыруу бөлүмдөрүндө орун жана аппарат жетишпей кыйналып жатабыз".
Дарыгер Ричард Левитандын айтымында, коронавирус пневмониясы менен ооругандарга диагноз коюунун жана дарылоонун бир жолу бар, бирок бул ооруканага баруу же ооруканада текшерүүдөн өтүү эмес! Бул баарыбыз билген пульсоксиметр. Пульсоксиметрдин жардамы менен кычкылтектин деңгээлин өлчөп, өзүбүздүн ден соолугубузду көзөмөлдөй алабыз.
"Бул "тымызын гипоксияны" пульсоксиметрдин жардамы менен эрте байкап, 2 дарыгер досум дарыланып сакайышты. Ошондой эле пульсоксиметр Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсонду дарылоодо да натыйжалуу болгон. Пульсоксиметр ар бир үйдө болуусу керек. Муну колдонуу термометр колдонгондой опоңой. Адамдар пульсоксиметрди туура колдонгонду билбегендиктин натыйжасында, "Тез жардам" бөлүмдөрү оорубаган эле адамдарга толуп, анык тез жардамга муктаж адамдар кароосуз калып жатат. Тест жыйынтыгы илдет жок деп көрсөткөн учурда да ар бир адам пульсоксиметр менен өзүн көзөмөлдөп туруусун сунуштайбыз. Себеби тест 70 пайыз учурда гана туура чыгарат", - деп сөзүн жыйынтыктаган Ричард Левитан.