Кытайда эки ымыркайдын коронавируска кабылганы аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, биринчи ымыркай 13-январда дени сак абалда төрөлгөн. 22-январда ымыркайдын энесин караган аялдан коронавирус аныкталып, 4 күндөн кийин вирус энеден табылган. Андан 3 күн өткөн соң ымыркай жөтөлүп, кусуп, дене табы көтөрүлүп, 31-январда балдар ооруканасына жаткырылган.
Ал эми экинчи ымыркай 2-февралда төрөлгөн. Энеси коронавируска кабылганына байланыштуу ымыркай жарыкка келгенден 30 сааттан кийин дарыгерлер андан анализ алып, коронавирус бар экендигин аныкташкан. Ымыркай тез арада Ухан шаарындагы ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер учурда ымыркайга вирус эненин курсагында эле жукканын же төрөлгөндөн кийин жукканын аныкташууда.