Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев дарыгерлерге укук коргоо органдары тарабынан кысым болуп жатканын айтты.
"Дарыгерлерге укук коргоо органдары тарабынан кысымдар болуп жатат деп Башкы прокуратурага кат менен кайрылгам. Сиз булар өз ыктыяры менен камераны алып, элден кечирим сурап жатат деп жооп берип жатасыздар. Бул жактан өкмөт алдаса, бир жактан укук коргоо органдары кысым көрсөтсө дарыгерлерди ким коргойт? Эч ким каалоосу менен тергөөчүнүн кабинетинде отуруп алып кечирим сурабайт. Бул туура эмес", - дейт депутат.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов арыз даттануулар мыйзам чегинде каралып жатканын билдирди. "Өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал башталгандан тарта бирдиктүү реестрге 95 материал катталды. Ошонун ичинен 26 адам кечирим сурап жатат. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошол адамдардын ичинен прокуратурага арыз түшкөн жок", - деди ал.