Ысык-Көл. Эки күндө баңгизаттарга байланыштуу 13 кылмыш катталды

Ысык-Көл облусу боюнча 10-11-сентябрь күндөрү баңгизаттарга байланыштуу 13 кылмыш катталганын Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов кабарлады. Ак-Суу РИИБи тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чарасынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын тургуну С. уулу Алпамыш кармалды. Ал ширеңкенин 14 кутучасына салынган 250 грамм баңгизатты Боз-Учук-Бишкек каттамындагы маршуттук такси менен алып кетүүгө аракет кылган. "Андан тышкары ошол эле Ак-Суу райондун Кайырма-Арык айылынын тургуну М.Кулайдын үйүнөн 1,5 килограмм баңгизат табылды",- дейт Усубакунов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан