Бир сутка ичинде өлкө боюнча 47 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.
• Бишкек шаарында – 9;
• Чүй облусунда – 15;
• Ош шаарында – 6;
• Ош облусунда – 10;
• Баткен облусунда – 4;
• Ысык-Көл облусунда – 3.
Ал эми бир суткада 11 медицина кызматкери ооруканалардан айыгып чыкты.
Республика боюнча COVID-19 диагнозу жалпы 2 миң 428 медкызматкерге коюлуп, алардын ичинен 624ү айыгып чыккан.