Ысык-Көл. Ысык-Көл мамлекеттик университетине жаңы спорт зал курулат

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетине узундугу 36, туурасы 18 метр болгон жаңы спорт зал курулат. Муну окуу жайдын ректору Курманбек Абдылдаев билдирди. Буга чейин окуу жайдын студенттери дене тарбия сабагын өтүү үчүн шаардык стадионду жана мектептердин залдарын ижарага алып колдонуп келишиптир. Ректордун айтымында, спорт зал 2 жылда курулуп бүтөт жана ага окуу жай 23 миллион сом бөлүп бергени белгилүү болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан