ШКУнун саммитине катышуу үчүн бүгүн, 12-сентябрда Кыргызстанга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келди. Тажикстандын ажосун Кыргызстандын премьер-министри Жөнтөрө Сатыбалдиев "Манас" аэропортунан тосуп алды. Айта кетсек, Тажикстан ШКУга мүчө өлкөлөрдүн бири.