ЖАМК түрмөдө кургак учук менен ооругандарды башка имаратка которот

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы түрмөдө кургак учук менен ооругандарды №31-түзөтүү колониясынын жаңы корпусуна которууну көздөп жатат. Муну парламенттин 12-сентябрдагы жыйынында ЖАМКнын башчысы Зарылбек Рысалиев айтты. Ал билдиргендей аталган илдет менен ооругандардын саны өсүүдө. "№31-түзөтүү колониясынын аймагына 3 жаңы имарат курулду. Бири-бири менен байланышта болбосун деп ооругандарды ошол жакка которууну пландап жатабыз. Ал жерде күзөтчүлөр иштейт",- деди Рысалиев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан