“КРнын лицензиялык-уруксат берүү системи жөнүндө” мыйзамдын долбоору бүгүн, 12-сентябрда ЖКнын жыйынында каралды. Мыйзам долбоору боюнча экономика министри Темир Сариев баяндама жасады. Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору лицензиялоого тийиштүү болгон ишмердүүлүктүн түрлөрүнүн тизмесин, ошондой эле айрым ишмердүүлүктүн түрлөрүн жүргүзүүдө адамдардын өмүрүн, ден соолугун, айлана-чөйрөнүн, менчиктин, коомдук жана мамлекеттик коопсуздуктун алдын алуу болуп эсептелген лицензиялоонун максаттарын аныктайт. Лицензияга талап кылынган документтердин так тизмеси, ошондой эле лицензияга берилген арыздарды кароо мөөнөтү каралган. Эгерде 30 календардык күндө арыз ээсине кагаз түрүндөгү лицензияны бербөө жөнүндөгү негиз берилбесе, анда лицензияны автоматтык түрдө берүү принциби киргизилген. Мыйзам долбоорунда жалгыз официалдуу булак болуп эсептелген жана берилген лицензиялар менен уруксаттардын бар болуусун тастыктаган лицензиялардын жана уруксаттардын реестри, ошондой эле алардын укуктук статусу каралган. Лицензияны чакыртып алуу үчүн сот чечими талап кылынат. Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жолдонду.