Кыргызстанда унаалардын алдынкы айнектерин караңгылатууга тыюу салынды. Бүгүн, 12-сентябрда ЖКнын жыйынында унаалардын алдынкы айнектерин караңгылатууга багытталган мыйзам долбооруна президенттин билдирген каршы пикирин эл өкүлдөрү колдошту. Белгилей кетсек, депутат Данияр Тербишалиев бул мыйзам кабыл алынып калса, мамлекеттик казынага кошумча киреше түшөрүн айтып, чакан унаалардын терезесин караңгылатуу үчүн 5 миң сом, ал эми чоң унааларга андан жогору өлчөм каралууга тийиш экендигин белгилеген. Андан түшкөн каражат толугу менен жол оңдоого жумшаларын айтып келген.