Бүгүн, 12-сентябрда КТРКнын Байкоочу кеңешинин
курамына президент тарабынан сунуш кылынган талапкерлерди бекитүү жөнүндө
маселе каралды. Сунушталган талапкерлер Ирина Абдырахманова менен Калыбек Асылбашевди
президенттин ЖКдагы өкүлү Орозбек Молдалиев тааныштырды. Айтымында, президент
тарабынан сунушталып, Байкоочу кеңешке шайланган эки мүчө башка ишке
өткөндүгүнө байланыштуу жаңы талапкерлер сунушталган. Жашыруун электрондук
добуш берүүнүн жыйынтыгында талапкерлер Ирина Абдырахманова 76 добуш менен
Калыбек Асылбашев 67 добуш менен КТРКнын Байкоочу кеңешине мүчө болуп
бекитилди.