Ош мамлекеттик университетинде жаңы окуу жылынан тартып адептик тарбияны күчөтүү максатында атайын иш план иштелип чыгып, учурда аны ишке ашыруу аракети жүрүүдө. Муну окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришти. Окуу жайдын Тарбия департаментинин директору Замир Божоновдун айтымында, учурда жаштардын жүрүм-турумунда, адамдар менен болгон мамилелеринде жана кийинүү маданиятында кемчиликтер көп. Бул нерсе билим берүүдөй эле маанилүү экенин айтат ал.