Оштун Кара-Суу шаарындагы "Туратали" базарынын айланасына жана шаардын негизги көчөлөрүнө санариптик жол чырактар орнотулду. Бул тууралуу Кара-Суу РИИБинин башчысынын орун басары Мартбек Зикиров маалымдады. Айтымында, жол чырактар РИИБинин көмөгү менен шаардын алты жерине коюлду. "Кара-Суу" базары жайгашкандыктан, шаарга кирип-чыккан унаалардын саны күндөн-күнгө өсүүдө. Бул жол чырактардын жардамы менен көптөгөн жол кырсыктарынын алдын алууга болот. Мындай көрүнүш эң оболу жол кыймылын көзөмөлдөгөн инспекторлордун ишин жеңилдетет",- дейт Зикиров.