Алмазбек Атамбаев Ирандын президенти Хасан Рухани менен жолугушту

Алмазбек Атамбаев Бишкекте Ирандын президенти Хасан Рухани менен жолугушту. Жолугушуу мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында болуп, Атамбаев Ирандык кесиптеши менен Кыргызстанда көрүшүп жатканына кубанычта экенин билдирди. "Мен сизди өлкө президенти болуп шайланышыңыз менен куттуктайм. Биз сиздин президент болуп шайланышыңыз Иран элинин жашоосуна көп жакшылыктарды алып келет деп ойлойбуз. Биринчи иш сапарыңыздын Кыргызстанга болгонуна кубанычтамын",- деди Алмазбек Атамбаев. Рухани Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныганын билдирип, эки тараптуу мамилелердин мындан да өнүгүшүн каалай турганын айтты. Айта кетсек, Иран өлкөсү 13-сентябрда Бишкекте өтүүчү ШКУнун саммитине байкоочу мамлекет катары катышат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан