ЖКда депутаттар тобу тарабынан иштелип чыгып, Кыргызстандын аймактык түзүлүшүн ыңгайлаштырууга багытталган “КРнын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралды. Демилгечилердин бири депутат Өмүрбек Текебаевдин айтымында, сунушталган мыйзам долбоору келечекте өкмөт жүзөгө ашыра турган кайра курумдардын укуктук базасы болуп саналат. Мыйзам долбоорунда облустарды жоюу, райондорду ирилештирилген аймактарга бириктирүү, чакан айылдарды кошуу, чоң айылдарга шаар статусун ыйгаруу маселелери каралган. Облустарды жоюу менен, көптөгөн мамлекеттик органдардын аймактык бөлүкчөлөрү кыскарат. Ошондой эле бардык шаарлар менен шаарчаларга шаардын гана макамын берүү сунушталат. Мыйзам долбоорунда айылдардын аталыштарын өзгөртүү демилгеси каралган эмес. “Алдын ала эсептөөлөргө караганда, облустук органдардын кыскаруусунан жылына 450 миллион сом каражат үнөмдөлөт. Ал эми калктуу конуштар ирилештириле турган болсо, андан да көп каражат үнөмдөлөрү бышык”,- деди Текебаев. Айрым депутаттар мындай аймактык кескин реформаларга аяр жана кылдат мамиле жасоо керектигин билдиришти. Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.