Алмазбек Атамбаев: "Кыргызстан 2010-жылдагы окуялар учурунда Өзбекстан көрсөткөн колдоону унутпайт"
"Кыргызстан 2010-жылдагы окуялар учурунда Өзбекстан көрсөткөн колдоону унутпайт",- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-сентябрда Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен жолугушуу учурунда. Өлкө башчы ал учурдагы Өзбекстандын жардамына бүткүл кыргыз эли ыраазы болгонун белгилеп өттү. "Сиздин келишиңизге абдан кубанычтамын. Сиз кандай жардам бергениңиз биздин эсибизде",- деп кошумчалады мамлекет башчы. Айта кетсек, Ислам Каримов ШКУнун саммитине катышуу үчүн бүгүн Бишкекке учуп келди. Саммит эртең, 13-сентябрда өтөт.