Коронавирус пандемиясына байланыштуу Орусия менен Казакстандын чек арасында өтө албай калган болжол менен 500дөн ашык Кыргыз жарандарынын видеосу тарады. Видеодо жарандар президентке жана өкмөт башчыга кайрылып, алып кетүүлөрүн суранышкан.
"6 айлык балдарыбыз менен күндүн суугуна карабастан, ушул жерде жашап жатабыз. Кыргыз эли качан ойгонобуз? Бизди алып кетиңиздер, бул жерде миңдей адам болуп калдык. Балдарыбыз менен кантип чатырда жашайбыз? Алар түнкүсүн ыйласа жүрөгүбүз ооруйт. Үмүт менен жашап жатабыз. Сиздерден сураныч бир маалымат берип коюуңуздарчы ушул жөнүндө", - дешет чогулгандар.