13-сентябрда саат 02:32де Кыргызстандын түштүгүндө жер титирөө катталды. Жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунын маалыматы боюнча жер титирөөнүн очогу Токтогул районунда, Кетмен-Төбө айылынан түштүк-чыгыш тарабынан 7 чакырым алыстыкта жайгашып, күчү 3,4 баллга жетти. Кетмен-Төбө, Саргата айылдарында жер силкинүүнүн күчү 2,5 баллды түздү.