Парламенттеги "Ата Журт" фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу болуп Улукбек Кочкоров дайындалды. Муну ЖКдагы өздүк булагыбыз кабарлады. Айта кетсек, буга чейин аталган кызматты Садыр Жапаров ээлеп келген. Жогорку Сот Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду 2012-жылдын 3-октябрындагы аракеттери үчүн күнөөлүү деп тапкандан кийин БШК бул 3 депутатты мандатынан ажыраткан. Буга байланыштуу фракцияга жаңы башчы бекитүү зарылдыгы келип чыккан.
Улукбек Кочкоров:
1974-жылы Ош облусунун (азыркы Баткен облусу) Баткен районуна караштуу Кара-Бак айылында туулган. Улуту кыргыз, жогорку билимдүү. 1995-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин финансы жана кредит факультетин бүтүргөн. 2003-жылы ошол эле университетте юридика факультетинин укук таануу адистигине ээ болгон.
1995-жылы октябрь айында Бишкек шаарынын Свердлов районунун каржы бөлүмүнүн бюджет боюнча жетектөөчү адиси болуп эмгек жолун баштаган.
1995-жылдын декабрь айынан тартып 1997-жылдын февраль айына чейин КРнын Экономика жана каржы министрлигинин жетектөөчү адиси болуп иштеген.
1997-жылдын февраль айынан баштап 2009-жылдын мартына чейин Улуттук коопсуздук комитетинде ыйгарым укутуу кызматкер, бөлүм башчы, бөлүм башчынын орун басары, УКК башкармалыгынын башчысынын орун басары, УКК башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу кызматтарында иштеген.
2009-жылдын март айынан тарта 2010-жылдын июль айына чейин Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы.
2011-жылдын март айыда "Ата Журт" партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына жана Фискалдык жана акча насыялык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланган.
КРнын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган жана 1-класстагы мамлекеттик кызматынын кеңешчиси деген чини бар.