Оштун Кара-Суу районунда мектеп окуучулары жана жаш инспекторлордун катышуусунда "Салам, мектеп!" аттуу рейд жүрдү. Бул тууралуу Кара-Суу РИИБинин Жол-кайгуул кызматынын тергөөчүсү Уланбек Ташиев билдирди.
Айтымында, рейдге район акиминин орун басары, РИИБдин жетекчиси, жергиликтүү тургундар, мектеп окуучулары жана жол кыймылынын коопсуздук бөлүмүнүн инспекторлору катышты. "Мындай иш-чаранын максаты - бүгүнкү күндөгү өспүрүмдөр катышкан жол кырсыгынын алдын алуу. Кара-Суу районундагы мектептерде жаш инспекторлордун тобу түзүлгөн. Аларга жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоону көрсөтүп бердик. Мындан сырткары балдарга атайын жасалган жолдо жүрүүнүн эрежелери топтолгон кичинекей китепчелерди тараттык",- дейт Ташиев.