Баткен. Тажиктер чек арадан бир кыргызды кармап кетишти

11-сентябрда Тажикстандын күч органдары кыргыз-тажик чек арасынан бир кыргыз жаранын кармап кетишти. Тажиктер сүйрөп кеткен жаран 1968-жылы туулган Самаркандек айылынын тургуну Рахматбай Тагаев. Муну Баткен РИИБиден кабарлашты. Кармалып кеткен жарандын туугандары жана айылдаштары бүгүн, 13-сентябрда облустук администрациянын алдына чогулушуп, маселени чечип берүү талабын коюшту. Туугандарынын айтымында, ал күнү Рахматбай Тагаев туугандары менен Тажикстандын аймагындагы Матпари деген кыргыз айылына тажияга бараткан жеринен тажикстандык укук коргоо органдары себепсиз кармап кетишиптир. Ал эми тажик тарап анын баңгизат менен кармалганын айтышууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан