
Профессор Жеңишбек Назаралиев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу өзүнүн медициналык борборунда коронавирус менен ооругандарды дарылоо жөнүндө айтып, учурдагы кырдаал тууралуу ой бөлүштү.
Назаралиевдин медициналык борборунда иштегендер кайрылуулардын азайгандыгына жана мамлекеттик стационарлардагы орундардын бошогондугуна кубанып жатсак, анын артынан эле "посттравмалык" синдромго кабылгандар чала башташты. Акыркы эки күн ичинде Назаралиевдин медициналык борборуна COVID-19 илдети же пневмония менен эмес, ушул оорунун кесепеттери бар 4 бейтап кайрылды.
Мен Фейсбуктагы баракчама жарыялагандай, биз
пандемиянын күч алып турган мезгилинде жардамга келдик. Ал мүнөттөрдө саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик систем түзүлгөн оор абалга алы келбей калганы түшүнүктүү болуп калган.

Биздин негизги милдетибиз өзүбүзгө эң оор бейтаптарды кабыл алуу болду. Баарыбызга белгилүү болгондой, стационарларда жана мамлекеттик мекемелерде протоколдорго ылайык дарылашат. Протоколдор - бул эпидемия мезгилинде көп сандаган адамдар менен иштөө үчүн нускама. Биз дароо бейтаптарга оорусуна жараша
индивидуалдык дарылоо ыкмасын киргиздик. Бейтапка дарылоочу врач дайындалганда атайын ошол багыттагы адис менен оору терең изилденип чыгып, оорунун өтүшүп кетүүсүнүн жана терс кесепеттеринин алдын алышат. Бирок бардык жерде эле мындай эмес.
COVID-19 жана пневмонияга кабылгандан кийин медициналык борборго келип саламаттыгын калыбына келтирип жатышкан бейтаптардын уруксаты менен алардын арыз-муңдарын айта кетейин.
Бейтап №1 (Виталий, 57 жашта):
- Биринчи орунда мени тынчсыздантып жаткан нерсе - бул өпкөмдүн төш тарабы ооруганы болду. Мен толук дем жута албай, өпкөмдүн 30 пайызы жоктой сезилди. Дем алуум ыңгайсыз болуп, дайыма оор жүк бардай туюлуп жатты. Өзгөчө кара күч жумшаган иштерде. Буттарыма оордук берилип жатты. Өзүмдү жеңил сезип калганым менен дем алуу оор боло берди.
Бейтап №2 (Жамиля, 35 жашта):
- Бир ай ооруп айыккандан кийин менде баары жакшы деп ойлогом. Бирок көп өтпөй эле буту-колумдан баштап чыйрыгып, үшүй баштадым. Жүрөгүмдүн согуусу кээде бир жактан чуркап келгендей мүнөтүнө 130ду көрсөтүп турду. Жүрөктө, белде, моюнда сыздаган оору пайда болуп, көзүмдүн көрүүсү начарлай баштады. Балким, телефонду карай бергенден, бирок так билбейм. Ошондой эле жөө басканда демигип жаттым. Билесиздерби, каным башкача болгондой туюлду, коюу жана салмактуу. Балким, мага ошондой сезилип жатабы?
Бейтап №3 (Алмаз, 44 жашта):