Жалал-Абад шаарындагы тамактануучу жайлар жана азык-түлүк саткан соода түйүндөрдүн санитардык абалы, салык төлөгөндүгү жана башка талаптарга жооп бере тургандыгы текшерилүүдө. Бул боюнча бүгүн, 13-сентябрда шаардык мэриянын жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салыжан Умаров билдирди.
Рейддин максаты - жашоочулардын коопсуздугунун алдын алуу. Буга байланыштуу тийиштүү кызматкерлерден комиссия түзүлүп, жергиликтүү бийликтин демилгеси менен болуп жатат. "Текшерүү учурунда тамактануучу жайлардын, соода түйүндөрүнүн көпчүлүк кызматкерлеринин санкитепчеси жок болуп чыкты. Андан сырткары убактысы өткөн азыктарды сатып жаткандар болууда. Мындай кемчилдиктерди эскертип, 10 күндөн кийин кайрадан текшерүү болорун айтып жатабыз", - дейт Умаров. Ал эми калаада 216 соода түйүнү, 82 тамактануучу жай жана 15 базар иштейт.