“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында ШКУга мүчө мамлекеттердин президенттери жана делегациялар катышкан кеңейтилген жыйыны башталды. Анда президент Алмазбек Атамбаев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинь, Өзбекстандын президенти Ислам Каримов, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана ШКУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү катышууда. Жыйынды президент Алмазбек Атамбаев ачып, тар чөйрөдө күн тартиби жана кол коюлуучу документтер каралгандыгын белгиледи. “Бүгүн кызматташуунун ар кандай аспекттери каралып, жыйынтыгында бир катар маанилүү документтерге кол коюлат”,- деди Атамбаев.Күн тартибине ылайык, жыйында Кыргызстандын президентинен соң Казакстандын, Кытайдын, Орусиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мамлекет башчылары сүйлөшөт.