“Үнүм жетпей чоңдорго,
Кайра элге кайрылам.
Оңолбоду төбөлдөр,
Акча жасап кайгыдан...” деп бийликке сын айтып, азыркы элдин абалын ырдаган ырчы Алмаз Шаадаев коногубуз. “Кечээ патриот болуп төш кагып жатып, бүгүн баланча партияны колдоп жүрөт” деген сөзгө калгым келбейт. Бирок баары бир кайсы бир партияны колдогонго туура келет. Анткени бир партия болбосо, экинчиси баары бир парламентке өтөт. Кыргыз жараны катары көңүлүмө жакканын колдогонго укугум бар”, - деген ырчынын маегин толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы, №921 санынан окуй аласыз.