Атасы бар адам кандай учур болбосун таяп, кайра тургузуп коё турган адамы бар экенин сезип жашайт. Аталар барда күчтүүбүз, эркебиз, коопсуздуктабыз. Атасынын эрке кызы болгон каарманым Кенже Дүйшеева бүгүн таянар тоосу болгон атасы Шамшы Дүйшеев тууралуу айтып берет. “Карыганда жубайлар аябай жакындашып калышат экен. Апам ооруп калганда атам “сенден калган күнүм курусун, алдыңа кетейин” дей берчү. Оорубай жакшынакай жүрүп эле 72 жашында кетип калды. Апамдын ооруганын көтөрө алган жок. Атам каза болгондон 15 күндөн кийин апам кетти. Азыр жыл сайын ата туракка барып куран окуп турабыз”,- деген ырчынын маегин толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы, №921 санынан окуй аласыз.