Нурсултан Назарбаев: "Сириядагы кырдаал боюнча Орусиянын демилгесин колдойбуз"

"Ооганстанда туруктуулуктун болушу ал өлкөнүн өзүнүн колунда",- деп билдирди бүгүн, 13-сентябрда Бишкекте өтүп жаткан ШКУнун саммитинде Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев. Назарбаев Казакстан Сирияда химиялык куралдын колдонулушуна тынчсызданып жатканын айтты. “Бул абалды эл аралык деңгээлде көзөмөлдөө керектиги тууралуу Орусиянын демилгесин колдойбуз. Бул абалдан чыгуунун бирден-бир жолу”,- деди Назарбаев. Ошондой эле ал терроризм, сепаратизм жана экстремизм менен күрөшүү ШКУга мүчө мамлекеттердин чек ара аймактарында чечилиши керектигин айтты. “Ошондой эле мыйзамсыз түрдө айланып жаткан баңгизатын көзөмөлгө алуу керек”,- деди ал.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан