Бүгүн, 13-сентябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары бир катар маанилүү документтерге кол коюшту. Алар: ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Бишкек декларациясы, 2013-2017-жылдарга ШКУга мүчө өлкөлөрдүн достук-ынтымагы, кызматташтыгы тууралуу узак мөөнөттүү келишимин ишке ашыруу тууралуу планы, ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын ШКУнун Башкы катчысынын өткөн жылга болгон докладын бекитүү тууралуу чечими, ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын ШКУнун антитеррордук аймактык кеңешинин 2012-жылга болгон ШКУнун антитеррордук аймактык структурасынын ишмердүүлүгү жөнүндө доклады.