Ооганстан азыр 2001-жылдагыдай өлкө эмес, биз экономикалык жактан өнүгүүгө жетиштик",- деп билдирди бүгүн, 13-сентябрда Бишкекте өтүп жаткан ШКУнун саммитинде Ооганстандын президенти Хамид Карзай.
"Терроризм менен күрөшүү боюнча натыйжалуу институт түздүк. Аль-каида жана Талибан сыяктуу террористтик уюмдар менен күрөшүп жатабыз",- деди Карзай. Ал Ооганстандан коалициялык аскерледин чыгышынан кийинки абал боюнча буларды айтты:
"Биз коалициялык аскер күчтөрүн чыгаргандан кийинки өлкөлөрдөгү абал боюнча дүйнөлүк коомчулук тынчсызданып жатканын түшүнөбүз. Биз коопсуздукту күчөтөбүз. Биздин өлкө коопсуздук маселесин ШКУга мүчө мамлекет башчылары менен биргеликте чече алат".