Алмазбек Атамбаев ШКУнун саммитинин аягында: "Бүгүн абдан маанилүү сүйлөшүү болду"
"Бүгүн тар чөйрөдөгү жана кеңири алкакта абдан маанилүү сүйлөшүү болду",- деди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-сентябрда Бишкекте өтүп жаткан ШКУнун саммитин жыйынтыктоо учурунда.Мамлекет башчы андан ары танышып билүү үчүн сунуштарды жалпылоону өтүндү. Айта кетсек, ШКУнун саммитинде аймактык коопсуздук сыяктуу ири маселелер талкууланды.