Ислам Каримов "Арал деңизинин соолуп бара жатышы - катастрофа" деди
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов 13-сентябрда Бишкекте өткөн ШКУнун саммитинде Арал деңизинин соолуп бара жатышын, ага кам көрүү керектигин айтты. Өзбек ажосу быйыл Өзбекстан Аралды сактоо боюнча эл аралык уюмга төрагалык кылуу чечимин кабыл алганын белгиледи. "Аралдын соолуп баратышы учурда курч көйгөй бойдон. Бул көйгөйгө эл аралык көңүл бурууну күчөтүү зарыл. Сөз 50 миллион адамдын ден соолугу тууралуу болуп жатат, бул катастрофага жол берүүгө болбойт",- деди Каримов.