Дүйшөмбү Сооронбаев "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп шайланды

Дүйшөмбү Сооронбаев "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп шайланды. Бул маалымат бүгүн, 13-сентябрда партиянын лидерлеринин Жалал-Абад шаарындагы "бүтүн кыргызстанчылар" менен болгон жолугушуусунда айтылды. Айта кетсек, партия төрагасы Адахан Мадумаров жакында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары болуп дайындалган эле.  

"Эл арасында "Мадумаров кызматка орношту, партия эми бийликтин сөзүн сүйлөйт" деген сөздөр болуп жатыптыр. Андай эмес, бийликтин туура эмес иштерин айтып, сынга ала беребиз. Жол тосуп элге баш-аламандык жаратпайбыз. Ишибизди маданияттуу жол менен жасай беребиз",- дейт Сооронбаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан