ШКУнун алкагында уюмга мүчө мамлекеттер ШКУну тынчтыктын, достуктун гүлдөгөн аймагына айлантуу үчүн кызматташтыкты мындан ары дагы өнүктүрүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда кол коюлган Бишкек декларациясында жазылган. Буга байланыштуу ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары Тышкы иштер министрлер кеңешине 2025-жылга чейин аталган уюмду өнүктүрүү Стратегиясын иштеп чыгуу тапшырмасын беришти. Ошондой эле декларацияда ШКУга мүчө мамлекеттер коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыз кылуу, аймактагы жана дүйнөдөгү соода-экономикалык, маданий-гуманитардык маселелер боюнча башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөргө барууга даяр экендиги жазылган.