Акыйкатчы шайлоону Жогорку Кеңеш кийинки аптада карайт

Бүгүн, 13-сентябрда ЖКнын Координациялык кеңеши парламенттин 18-19-сентябрдагы жыйындарынын күн тартибин бекитти. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.  

18-сентябрда пленардык жыйында "Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент", "Туризм жөнүндө" мыйзамга толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "КРнын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Лицензиялоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу", "Курал жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" жана башка мыйзам долбоору каралат.

Ал эми 19-сентябрда КРнын акыйкатчысын шайлоо тууралуу маселени кароо пландаштырылууда. Ошондой эле "Диний билим берүү жана диний окуу жайлары жөнүндө", "Автомобиль жолдору жөнүндө" КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу", "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга толуктоолорду киргизүү тууралуу" жана башка мыйзам долбоорлору каралмакчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан