Монополияга каршы мамлекеттик кызматынын шаардагы бөлүмү иликтөө жүргүзүп, баанын кымбатташы негизсиз экенин ырастаган эле. Кой эти 270 сом, уй эти 280 сомдон сатылышы керек экен. Бирок касапчылар буга каршы. Талаш тартыштардан кийин уй эти 290 сом, кой эти 300 сомдон сатылмай болду. Шаар бийлиги эки айдан кийин базарлардагы эттин бааларын текшерет, эгер кымбаттап кетсе анда жогоруда аталган ыкманы колдоно турганын мэриядан кабарлашты.