Бүгүн, 23-сентябрда Алай районунун Үч-Дөбө айылында 400 окуучуга ылайыкталган Кызыл-Алай орто мектебинин ачылышы болду. Ага катышкан облус башчы Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү тургундарды куттуктап, мектепке компьютер белек кылды. Иш-чарага ЖКнын депутаттары Абдыманап Кутушев, Абдырахман Маматалиев, район акими Таалай Сарыбашов жана жергиликтүү тургундар катышты. Айта кетсек, мектептин курулушуна мамлекеттик бюджеттен 60 миллион сом бөлүнгөн.