Жактырган сабагы дене тарбия болчу. Андыктан бир нече жыл мектептин спорт командасынын капитаны болду. Кыздарга караганда балдар менен бат тил табышып, достошуп кетчү. Канчалык спорт менен машыкпасын, дилинде келечекте мюзиклдардын актрисасы болсом деген тилек бар эле. Ошон үчүн фортепианодо ойногонду да үйрөнүп алган. Анын тилеги ишке ашты. Бүгүн ал күндөн-күнгө популярдуулугу артып келе жаткан актриса – Ли Сон Гён.
Корей актрисасы тууралуу кызыктуу макаланы “Супер-Инфонун” жаңы, №922 санынан окуй аласыз.